Menu

Түркмөнстанда 25 миллион көчөт отургузулууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедов баштаган миңдеген киши бак-дарактардын көчөтүн отургузушууда.

Бул үчүн Лебап облусунда бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерден 50 манаттан (расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар) акча чогултулду.

7-ноябрда түркмөн президенти бак тигүү акциясына Ханбег аттуу аргымагы менен келди.

Түркмөн басылмалары Бердымухамедов кызыл карагайдын 30 көчөтүн отургузганын жазышты.

Октябрдын аягында президент Түркмөнстандын бейтараптуулугунун 25 жылдыгына карата борбор калаада жана облустарда 25 миллион бак-дарактын көчөтүн отургузуу боюнча токтомго кол койгон.

RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы көчөт отуругузуу иш-чараларына миңдеген киши, анын ичинде жоокерлер, окуучулар катышканын, санитардын эрежелер сакталбаганын жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: