Шаардык муниципалитеттин бардык кызматкерлерине тойлорго жана куран окутууга барууга тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев республикалык штабдын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, майрамдык иш-чараларга катышкан кызматкерлер байкалып калса арыз жазса болот.
«Тойлорго барууну токтоткула. Силер өзүңөргө жана башкаларга коркунуч туудурасыңар. Аймактардан келгендердин бардыгы тойду Бишкекте өткөрүшөт. Ушул жерде бул адамдар баарына жуктуруп, андан кийин айылдарга кетишет. Бул тууралуу июль айында сүйлөштүк, бирок эч ким ишенбеди. Күнү-түнү иштеп, өмүрүңүз үчүн күрөшүп жаткан дарыгерлерди аяңыз», – деди Балбак Түлөбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ