Коррупцияга каршы күрөшүүнүн жана мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясатка элдин ишенимин жогорулатуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамасы ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жарандар КРнын улуттук коопсуздук органдарынын компетенциясына байланыштуу бардык маселелер боюнча коомдук кабыл алуу бөлүмүнө дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09: 00дөн 18: 00гө чейин кайрыла алышат. Тыныгуу саат 12: 00дөн 14: 00гө чейин.
Ошондой эле, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жана тиешелүү жетекчилери жарандарды дем алыш күндөрү (ишемби, жекшемби) жана майрам күндөрүнөн тышкары, күн сайын саат 16: 00дөн 17: 00гө чейин жолугушуу аркылуу кабыл алышат.
Каалоочулар төмөнкү дарекке кайрылышса болот: Бишкек шаары, Жибек Жолу пр., 322 же 0312 66 00 20, WhatsApp – 0501 66 00 20, Telegram – 0501 66 00 20, Facebook – https://www.facebook.com/ aks.gknb. Ошондой эле электрондук почта дарегине – [email protected].
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ