Menu

МКЮЖ тутуму жөнүндөгү медиа материалдардын жаратууга конкурсу 2020-жылдын 3-декабрына чейин узартылды

Бөлүшүү:

КРнын Юстиция министрлиги мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутуму жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдын ролу жөнүндө медиа материалдарды жаратуу боюнча ЖМК жана интернет басылмаларынын журналисттери жана блогерлер арасындагы конкурсту 2020-жылдын 3-декабрына чейин узартат. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Конкурска медианын жана медиа продуктунун түрүнө (телешоулар, радиоберүүлөр, подкасттар, видеотасмалар, макалалар, блогдор, видео блогдор) карабастан баардык кыргыз жана орус тилдериндеги журналисттик материалдардын жана блогдордун авторлору катыша алышат. Сынактык материалдар гезит беттеринде, социалдык тармактарда, интернет-басылмалардын сайттарында, блогдордун платформаларында жарыяланса же өлкөнүн телерадио каналдары аркылуу берилсе болот.

Конкурска катышуу үчүн, шилтемелерди же сканерленген материалдарды “МКЮЖ тутуму жөнүндөгү медиа материалдардын сынагына” деген тема менен [email protected] электрондук дарегине жөнөтүү керек.

Ушул эле электрондук дарек аркылуу кошумча суроолорго жооп алууга болот.

Конкурска жогоруда аталган темалар боюнча бир автордон бирден үчкө чейин, 2020-жылдын 9-июнунан 3 декабрына чейин жарыяланган же эфирге чыккан материалдар кабыл алынат.

Иштерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2020-жылдын 3-декабры, саат 17.00гө чейин.

Толугураак маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз: http://ukuk-jardam.gov.kg/ru/news/134

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: