Menu

Баткен облусунун аймагында жергиликтүү жаран баңгизаттарды ташып жаткан учурда кармалды

Бөлүшүү:

Баткен облусунун аймагында жергиликтүү жаран баңгизаттарды ташып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине “Алик” аттуу жаран Тажикстан Республикасынын аймагынан Баткен облусу аркылуу КРга баңгизаттарды ташып жана сатып өткөрүү менен алектенип жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган факт КЖБРге КРнын Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.

9-ноябрь күнү саат 20-30 чамаларында жүргүзүлгөн атайын ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылындагы авто унаа жолунда Чүй облусунун Сокулук районунун Ак-Кашат айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Дж.Х.Дж. кармалган.

Кармалган жаранга тинтүү жүргүзгөн учурда, колуна алып жүргөн спорттук сумакасынын ичинен таңгакталган өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү баңгизат табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде алынган каражат жалпы салмагы 796 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты экендиги маалым болгон.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: