Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
Анда Садыр Жапаровго журналист тарабынан “Эмне үчүн галстук такпайсыз?” деген суроо узатылды.
Президенттин милдетин аткаруучунун айтымында, галстук аны муунтат.
“Галстук мени муунта берет, ошон үчүн эле такпайм. Андан башка себеби деле жок. Жакында эле Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунда тагындым“, – деп жооп узатты Жапаров.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болуп дайындалган учурдан тартып бардык расмий жолугушууларда галстук тагынган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ