Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садык Шер-Нияз Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына президенттикке талапкер катары катталуу үчүн арыз берди.
Садык Шер-Нияз 1969-жылы 10-мартта Талас облусунун Чоң-Капка айылында туулган. Кыргызстандын Кинематографисттер биримдигинин төрагасы, “Айтыш” коомдук фондунун, “Айтыш фильм” киностудиясынын жана “Калемгер” адабий клубунун негиздөөчүсү.
2015-2020-ж. “Ата Мекен” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоого катышуу жөнүндө билдирүүлөрдү БШКга 17 талапкер берген. Алар:
– Адахан Мадумаров,
– Арстан Алай,
– Кубан Чороев,
– Назарбек Нышанов,
– Бектур Асанов,
– Бакыт Бакетаев,
– Канат Исаев,
– Абдыкаар Сыдыков,
– Азамат Эсенбеков,
– Сазыкбай Турдумалиев,
– Нурлан Мотуев,
– Рашид Тагаев,
– Женишбек Байгуттиев,
– Клара Сооронкулова,
– Аймен Касенов,
– Сазыкбай Турдумалиев,
– Элеонора Турдубекова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ