Menu

Бактыбек Калмаматов президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга документтерин тапшырат

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов шайлоо жарышына катышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди тапшыруу учурунда белгилүү болду.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январда болот. Ушул убакка чейин БШКга төмөнкү талапкерлерден арыздар келип түшкөн:

1. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров.

2. Коомдук ишмер Арстанбек Алай.

3. “Лига-Антикризис” коомдук бирикмесинин төрагасы Назарбек Нышанов.

4. Экономист Кубан Чороев.

5. “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Бектур Асанов.

6. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев.

7. “Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-төрага Канатбек Исаев.

8. Пенсионер Абдыкаар Сыдыков.

9. Комплекстүү жабдуу борборунун башкы директору Сазыкбай Турдумалиев.

10. Белгилүү активист Нурлан Мотуев.

11. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын Оштогу филиалынын директору Рашид Тагаев.

12. Толубай” ЖАК АКБнын директорлор кеңешинин кеңешчиси Жеңишбек Байгуттиев.

13. “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова.

14. Прагадагы Нью-Йорк университетинин студенти Аймен Касенов.

15. Өзүн өзү көрсөткөн талапкер Азамат Эсенбеков.

16. Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, ошондой эле КРнын Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Кубанычбек Кадыров.

17. Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жетекчиси Элеонора Турдубекова.

18. ЖКнын экс-депутаты жана режиссер Садык Шер-Нияз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: