Кечээ, 12-ноябрда президенттикке аттануу үчүн дагы 2 талапкер БШКга арыз берди. Алар Токтайым Үмөталиева жана Арсланбек Малиев. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Үмөталиева Токтайым Жумаковна 1962-жылы 4-апрелде төрөлгөн. «Ай-Данек» гезитинин редактору.
Малиев Арсланбек Касымакунович 1957-жылы 8-октябрда туулган, чет ѳлкѳлѳр менен достук жана кызматташтык боюнча кыргыз кому бирлигинин президенти.
12-ноябрга карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына КРнын президентинин кызмат ордуна ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ КРнын жарандарынан 24 арыз (1 арыз – Б. Бакетаевдин арызы кайра чакыртып алынды) келип түшкѳндүгүн эске салабыз (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубеков,С. Шер-Нияз, У. Кабылбеков, И. Товкеев , Б. Калмаматов, Ж. Камчиев,М. Арстанбек, Т. Уметалиева).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ