Бүгүн, 13-ноябрда белгисиз жаран “эгер Ак үйдүн талкаганган кабаттары оңдолбосо, өзүмдү өрттөйм” деп коркутту.
Ал 5-6-октябрда Ала-Тоо аянтында болгон окуяларда элдик кошуундун мүчөсү болгондугун айткан.
“Мен катардагы эмгекчил адаммын жана Ак үйдүн күйүп кеткен жерлерин оңдоп беришиңизди суранам, анткени ал жагымсыз көрүнөт, – деди ал.
Ал колуна тунук түстөгү суюктукту бөтөлкөгө куюп кармап алган. Алар оңдолмоюнча кетпейм деп убада кылган. Бирок кийинчерээк ал киши суюктукту жерге төгүп, кетип калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ