Menu

ЕБ COVID-19 кризиси менен күрөшүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө каражат бөлдү

Бөлүшүү:

Европа биримдиги (ЕБ) коронавирус пандемиясынан улам пайда болгон каатчылыктын фонунда аймакка жардам берүү пакетинин алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнө 134 миллион евро (159 миллион доллар) бөлдү. Бул тууралуу ЕБнын Тышкы байланыштар боюнча европалык кызматы билдирди.

17-ноябрда чөлкөмдөгү тышкы иштер министрлеринин деңээлинде «ЕБ – Борбор Азия» жыйыны өттү. Иш-чарадан кийин жарыяланган билдирүүдө: «Каражат Борбор Азия өлкөлөрүнүн кечиктирилгис жана узак мөөнөттүү керектөөлөрүн, анын ичинде саламаттык сактоо, суу менен камсыздоо, санитария жана кризистин социалдык-экономикалык кесепеттерин чечүү үчүн бөлүндү», — деп айтылат.

Шаршембиде жарыяланган бирдиктүү коммюникеде видеоконференция форматында өткөн жолугушуунун катышуучулары коронавирустун кесепеттерин жоюу үчүн биргеликте иш алып барууга макулдугун билдиришкен.

Мындан тышкары алар мыйзамдын үстөмдүгүн, демократиялык башкаруу жана адам укуктары жаатында прогресстерди камсыздоонун маанилүү экенин белгилешкен.

Быйыл июлда Европа Биримдиги «Борбор Азия өлкөлөрүндөгү COVID-19: кризиске карата аракет көрүү» (CACCR) программасын ишке киргизген. Долбоор эки жылга негизделген, бюджети 3 миллион еврону түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: