Menu

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов: «Аскер институтун аяктаган соң, алган билимиңерди өлкөнүн куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө жана коргонуу мүмкүнчүлүгүн чыңдоого багыттаарыңарга ишенем»

Бөлүшүү:

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтуна барды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилесек, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институту Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана башка аскер түзүмдөрү үчүн офицердик кадрларды даярдоодо мамлекеттик тапшырыкты аткарган Кыргыз Республикасынын жогорку аскер кесиптик билимин берүүчү мамлекеттик билим берүү мекемеси болуп саналат.

Вице-премьер-министр окуу жайынын иши, окуу кабинеттери менен таанышып, институттун ишмердүүлүгү жана тарыхы боюнча маалыматты угуп, анын негизги өнүгүү багыттарына кеңири токтолду.

Максат Мамытканов белгилегендей, аскер институтунун курсанттарына чоң жоопкерчилик жүктөлгөн.

«Силер – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн келечектеги офицерисиңер. Аскер институтун аяктаган соң, алган билимиңерди өлкөнүн куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө жана коргонуу мүмкүндүгүн чыңдоого багыттаарыңарга ишенем», – деп билдирди вице-премьер-министр.

Мындан тышкары, таанышуу учурунда институттун аймагындагы оңдоо иштерине, окуу-усулдук адабияттарды жаңыртууга, анын ичинде окуу процессин уюштуруу үчүн автоматташтырылган техникалык каражаттарды алууга байланыштуу көйгөйлөр айтылды.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди жана көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: