Menu

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты

Бөлүшүү:

КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артём Новиков менен Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана өндүрүш кооперациясы чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду түзүү, соода-логистикалык борборлорду, эки өлкөнүн чек арага чектешкен облустарында эркин экономикалык (өндүрүш) аймагын куруу жолу менен соода жүгүртүүнүн номенклатурасын кеңейтүү маселелери талкууланды.

2020-жылдын декабрь айында чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин үчүнчү отурумун  өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Кеңештин алкагында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында соода-экономикалык чөйрөдө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык иш-чаралар планына (Жол картасына) кол коюу пландаштырылууда.

Соңунда тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин чечүү үчүн диалогду улантууга жана мамилелердин бардык комплексин мындан ары да активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: