Бүгүн, 30-ноябрда Бишкекте Жогорку соттун имаратынын жанында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Садыр Жапаровдун тарапташтары менен мушташып кетишти.
Бакай Кашкарбаев аттуу адам Азиз Батукаевдин бошотулушу үчүн Алмазбек Атамбаев моралдык жоопкерчилик тартышы керек деп билдирди.
“Ооба, силер Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү жок деп жатасыңар. Балким, ошондой. Бирок ал ошол кезде бийликте болгон. Ал жооп берет”, – деди Бакай Кашкарбаев.
Активисттин билдирүүлөрүнө Атамбаевдин тарапташтары нааразы болуп, аны менен мушташып кетишти.
Чогулгандардын айтымында, Кашкарбаев Садыр Жапаровдун тарапташы.
Атамбаевди колдоп, Жогорку соттун жанына анын жактоочулары, анын ичинде депутат Ирина Карамушкина, Сеид Атамбаев жана Алия Шагиева келишти.
Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан дагы ажыратуу өкүмү чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ