Menu

Кыргызстанда дагы 355 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 2 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 355 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 84, Ош шаарынан – 28, Чүй облусунан – 107, Ош облусунан – 35, Талас облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 25, Жалал-Абад облусунан – 17, Баткен облусунан – 22, Нарын облусунан – 15 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 73 513 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 478 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 65 189га жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 113, Ош шаарынан – 7, Чүй облусунан – 100, Ош облусунан – 56, Ысык-Көл облусунан – 64, Жалал-Абад облусунан – 66, Баткен облусунан – 47, Нарын облусунан – 7, Талас облусунан – 18.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 2 адам: Бишкек шаарынан – 1, Ош облусунан – 1. Жалпы саны 1277ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: