Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы процесс улантылууда.
Сот залынын кире беришине эл чогулуп, сот отурумун күтүшүүдө. Милиция кызматкерлери отурумдун катышуучуларына гана уруксат беришти. Ал эми тарапташтарды, туугандарды жана журналисттерди күтүп турууну суранышты.
Отурумду судья Азирет Медеров алып барууда.
Буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Ошентип, Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алган, мыйзамсыз байып кеткен жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык үчүн айыпталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ