Menu

Борбор Азиянын мамлекеттик эксперттери АКШнын айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги менен жолугушуп, абанын сапатын көзөмөлдөө маселелерин талкуулашты

Бөлүшүү:

2-3-декабрда АКШнын Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттиги (EPA), АКШнын Нур-Султан жана Бишкектеги элчиликтеринин колдоосу менен абанын сапатын көзөмөлдөө тармагын өнүктүрүү боюнча аймактык семинар өткөрдү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Виртуалдык семинарга Казакстан, Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Түркмөнстан жана Америка Кошмо Штаттарынын С5+1 өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кошулду, анын курамына гидрометеорология жана абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча өкмөттүн өкүлдөрү кирген.

Иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргызгидрометтин айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Людмила Нышанбаева: “Бул семинардан биз америкалык кесиптештерибизден абанын сапатын көзөмөлдөө максаттарын аныктоо, мониторлорду жана сенсорлорду колдонуу боюнча мыкты тажрыйбасын үйрөндүк. Бул семинар билим жана пайдалуу маалымат алмашуу үчүн жакшы аянтча болуп саналат, ошондо бүтүндөй аймак абанын сапаты жаатындагы максаттарга жетише алат. Келечекте биз Борбор Азия үчүн аймактык байкоо тармагын өнүктүрүү жөнүндө ойлонсок болот,” – деди.

Бул АКШнын EPA агенттигинин Борбор Азиядагы өнөктөштөрү менен өткөргөн экинчи семинары. 2020-жылдын август айында АКШнын EPA, АКШнын Элчилиги Нур-Султан жана Конвенциянын катчылыгы тарабынан абанын узак аралыкта трансчекаралык булганышы боюнча, абанын сапатын көзөмөлдөө чөйрөсүндө, анын ичинде булгоочу заттарды чыгарууну текшерүү, талдоо жүргүзүү ден-соолукка тийгизген таасири жана абанын сапаты жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо стратегиялары боюнча беш күндүк семинар өткөрүлдү. Эки семинардын максаты Борбор Азиядагы абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча аймактык өнөктөштүктү жана өкмөттөр аралык кызматташтыкты чыңдоо.

АКШнын Элчилигинин Бишкектеги саясий жана экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Г.Мур иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилеп, “Абанын сапаты жөнүндө маалыматтарды топтоо абанын булганышына каршы күрөшүүнүн биринчи кадамы. Абанын сапатын көзөмөлдөө тармактары саясатчыларга жана жарандык коомго абанын булганышына каршы натыйжалуу саясатты кабыл алууга жана жүзөгө ашырууга жардам берет. Борбордук Азиядагы элдер таза аба үчүн биргелешип аракеттенип жаткандыгын көрүү бизди кубандырат,” – деп кошумчалады.

Америка Кошмо Штаттары айлана-чөйрөнү коргоо жана абанын сапатын көзөмөлдөө саясатын иштеп чыгуу үчүн Борбор Азия мамлекеттери менен өнөктөш болууга милдеттенет. АКШнын Борбор Азиядагы элчиликтери 2019 жылдан бери абанын сапаты боюнча маалыматты реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп жана жарыялап келишет; 2019-жылдын октябрь айында АКШнын элчилигинин абанын сапатына көз салуучу шайманы Кыргыз Республикасынын расмий өлчөө шаймандарынын мамлекеттик реестринен аккредитациядан өттү. Акыркы беш жылда АКШ Өкмөтү Борбор Азиядагы абанын сапаты боюнча долбоорлорго болжол менен $750 000 гранттык каражат бөлгөн. 2020-жылдын сентябрь айында АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстан жана Казакстандагы абанын сапатын көзөмөлдөөчү тармактарды жакшыртуу үчүн MovGreen жаштар экологиялык уюмуна $300 000 грант бөлгөн. Үч жылдык долбоор КыргызГидромет, КазакГидромет, ЮНЕП жана АКШнын Бишкектеги жана Нур-Султандагы элчиликтери менен кызматташат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: