Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Муролим Ахмедов карьерасын Бангладеш чемпионатында улантат.
Футболчу жаңы сезондо Бангладеш Премьер лигасында ойной турган “Бангладеш Полис” клубу менен келишим түздү.
Ахмедов 2019-сезонду Бангладештин Премьер лигасында баштап, “Саиф Спортинг” клубунда ойноп, ал үчүн 6 оюн ойногон. Андан кийин Бангладеште сезон коронавирус пандемиясынын айынан токтотулуп, кийинчерээк таптакыр жокко чыгарылган. Андан кийин кыргызстандык оюнчу Кочкор-Ата шаарынан “Нефтчи” командасына кайтып келип, ошол жерде сезонду аяктап, Премьер-лиганын мыкты жардамчысы болуп калды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ