Бүгүн, 7-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 293 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 121, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 63, Ош облусунан – 3,Талас облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 46, Жалал-Абад облусунан – 30, Баткен облусунан – 12, Нарын облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 75 395 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 407 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 67 400гө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 121, Ош шаарынан – 10, Чүй облусунан – 103, Ош облусунан – 12, Ысык-Көл облусунан – 38, Жалал-Абад облусунан – 60, Баткен облусунан – 50, Нарын облусунан – 1, Талас облусунан – 13.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 2 адам: Бишкек шаарынан -1, Чүй облусунан – 1 каза тапты. Жалпы саны 1297ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ