Menu

“Жерүй” алтын кенинде Талас алтын кен комбинатынын инфраструктуралык объектилеринин курулуш иштери аяктоо алдында турат

Бөлүшүү:

Кендин аймагындагы курулуш, оңдоп-түзөө иштерине негизинен Талас областында каттоодо турган ишканаларды алуу негизги багыт катары каралган. Мунун негизинде 50 орундук мейманкананы, 300 орундук 2 жатакананы, 150 адамга ылайыкталган ашкананы капиталдык ремонттон өткөрүү иштерин Талас районунда катталган “Арлан” жоопкерчилиги чектелген коому жүргузүп, толугу менен пайдаланууга берди. Аталган объектилердин курулуш-монтаждоо иштерине 50дөн ашык Талас районунун тургундары тартылса, алардын дээрлик көпчүлүгү Бекмолдо айыл аймагынын жашоочулары болуп эсептелет.

Учурда мейманкана, эки жатакана, ашкана толугу менен ишке киргизилип, аларда “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун, кенде иш алып барып жатышкан подряддык иш-каналардын кызматкерлери вахталык нөөмөт менен жашап жатышат. Бул имараттарды тазалоо, жумушчуларды тамак-аш менен камсыз кылууну Кара-Ой айьшындагы “Смак” жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырып жатса, чарбалык кызмат көрсөтүү милдетин Сасык-Булак айылындагы “Нурдат” жоопкерчилиги чектелген коому мойнуна алган. Ашкана жана жатаканалар-да жалпысынан Бекмолдо айыл өкмөтүнүн 22 тургуну иштеп жатат.

Мындан тышкары “Арлан” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан товардык-материалдык байлыктар сакталуучу ачык жана жабык түрдөгү кампалардын курулуш иштери өз убагында сапаттуу бүткөрулүп ишке берилди.

Ушуга эле улай Бишкек шаарында жайгашкан атайын багыттагы «Азия-ВотерБилд», «БаденСтрой» жоопкерчилиги чектелген коомдору 6,9 мВт. күч кубаттагы жылуулук борборунун, 600 кубометр сыйымдуулугу бар күйүүчү жана майлоочу майларды сактоочу кампанын курулуш-монтаждоо иштерин ийгиликтүү жүргүзүштү. Бүгүнкү күндө аталган объектилерди толугу менен ишке киргизүү иштери аткарылууда. Бул ишканалардагы жумушчулардын элуу пайыздан ашыгын дагы жергиликтүү тургундар тузушот.

Мындан тышкары кыргызстандык «Профит-Экспресс» жоопкерчилиги чектелген коому жылуулук, суу менен камсыз кылуу, даараткана, ашканада иштетилген сууларды кетирүүчү түтүкчөлөрдү орнотуу иштерин бутуп, октябрь айынын экинчи жарымында пайдаланууга берүүгө даярдап жатса,

Талас районундагы “Декор” жоопкерчилиги чектелген коому 2018-жылдын аягында толук пайдаланууга бериле турган борбордук көзөмөл-өткөрмө пунктунун имаратын куруу ишин жүргүзүп жатат.

Буга чейин Талас областындагы “Жолчу” акционердик коому, «Талас Кен курулуш» ишканасы, Кара-Кол шаарындагы “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан төмөнкү кластердеги ички автожолдордун курулуштары аяктап ишке берилсе, учурда руданы алтын өндүрүүчү комбинатка ташып жеткирүүчү жогорку кластердеги автоунаа жолунун курулушу аяктоо алдында турат. Аталган авто жол быйылкы жылдын октябрь айынын башында колдонууга берилет.

Бул жүргүзүлүп жаткан иштердин бардыгы “Жерүй” алтын кенинде алтынды кайра иштетүүчү комплекске керектүү болгон бардык көмөкчү объектилердин курулуш иштери план боюнча жүргүзүлүп жаткандыгынан кабар берет. Демек жакынкы келечекте Талас алтын кен комбинаты ишке киргизилип, миңдеген кыргызстандык жарандар туруктуу жумушчу орду менен камсыз болушат десек болот.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: