Menu

АКШнын Федералдык соода комиссиясы Facebook`ка каршы сотко кайрылды

Бөлүшүү:

АКШнын Федералдык соода комиссиясы, 46 штаттын жана эки округдун прокурорлору Facebook компаниясын «антимонополдук мыйзамды бузууга» айыптап, сотко кайрылышты.

Алардын айтымында, Facebook «перспективдүү атаандаштарын» сатып алуу менен «социалдык түйүндөрдө монополияны орнотууда».

Федералдык соода комиссиясынын маалыматына караганда, доо арызда Facebook компаниясын Instagram социалдык түйүнү менен WhatsApp мессенджерин сатууга милдеттендирүү талабы жазылган.

Facebook`тун өкүлдөрү өкмөт ийгиликтүү иштеп жаткан бизнести жазалап жатканын билдирип, бир нече жыл мурда Instagram менен WhatsApp`ты сатып алууга Федералдык соода комиссиясы өзү уруксат бергенин белгиледи. Компания аталган сервистерди ийгиликтүү кылыш үчүн миллиондогон инвестиция салганын жана сотто өзүн коргоого даяр экенин билдирди.

Акыркы 15 жылдын ичинде Facebook Instagram менен WhatsApp`тан тышкары болжол менен 70ке жакын майда компанияларды сатып алган. Instagram үчүн 2012-жылы 1 миллиард доллар төлөгөн. Ал кезде тиркеменин 30 миллионго жакын колдонуучусу болгон жана эч кандай киреше алып келчү эмес. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча Instagram`дын колдонуучулары 1 миллиарддан ашты. Андан бир нече жыл өткөндөн кийин Facebook 19 миллиард долларга WhatsApp тиркемесин сатып алган.

Facebook – 2,7 миллиардга жакын колдонуучусу бар дүйнөдөгү ири социалдык түйүн. Компаниянын базар баасы 800 миллиард долларга бааланууда. Анын башкы директору Марк Цукерберг дүйнөнүн эң бай беш адамынын катарына кирет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: