Бүгүн, 10-декабрда депутаттар республиканын 2020- жана 2021-жылга бюджети жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Анда эл өкүлдөрүнүн суроолоруна премьер-министрдин милдетин аткарган биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков башында турган КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү жооп берип жатышат.
“Megacom” компаниясын саталы, ал мамлекеттик орган катары бекерчилерди жумуш менен камсыз кыла албайт” – деди Дастан Бекешев.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун айтымында, учурда өкмөттүн 2021-жылга иш-чаралардын программасы даярдалууда, анын ичинде мамлекеттик объектилерди менчиктештирүү боюнча маселелер да каралган.
“Программа аяктагандан кийин биз сунуштарды киргизебиз” – деди премьер-министрдин милдетин аткараган биринчи вице-премьер-министр.
Дастан Бекешев мамлекеттик ишканаларды кадр маселесин чечүү үчүн колдонууга болбой турганын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ