Зулфикор Одинаев (солдо). 4-декабрь 2020-жыл
Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын камакта отурган төрага орун басары Махмурод Одинаевдин бир тууганынын уулу Зулфикор Одинаев да кармалды. Бул тууралуу саясатчынын туугандары билдиришти.
Алардын айтымында, Махмурод Одинаевдин жардамчысы болуп жүргөн Зулфикор Одинаев Гиссар шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайында 10 күндөн бери жатат. Азырынча ага кандай айып тагылганы белгисиз болууда.
Бул боюнча ШИИБнин өкүлдөрү комментарий берүүдөн баш тартышты.
Махмурод Одинаев 20-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомалиге кайрылып, азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат сурагандан кийин дайынсыз болуп жаткан. 5-декабрда Башкы прокуратура Одинаев башкалаада кармалганын билдирген. Расмий маалымат боюнча ал октябрдын этегинде Гиссардагы аскердик жайда бейбаштык кылган.
Социал-демократтар партиясы – Тажикстандагы жападан жалгыз оппозициялык партия.
Өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келаткан президент Эмомали Рахмон оппозициячыл саясий топторду, укук коргоочуларды, эркин журналисттерди куугунтуктагандыгы үчүн сындалып жүрөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ