Өгөй атасы тарабынан сабалган 6 жаштагы Рамазан учурда Ат-Башын районунда таенесинин колунда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, балага медициналык жана психологиялык жардам, ошондой эле гуманитардык жана материалдык жардам көрсөтүлүп жатат.
Бул учурда баланын психологиялык абалы канааттандырарлык, реабилитациялык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Бала үй-бүлө мүчөлөрү менен ишенимдүү жана жылуу мамиле түздү.
Өгөй атасына карата тергөө иш-чаралары уланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне 33 жаштагы күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аялдын айтымында, анын күйөөсү 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү, болжол менен түнкү саат 00:00 чамасында 2014-жылы туулган жашы жете элек уулун эч себепсиз сабаган. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө КР “Жүрүм-турумдар жөнүндө” кодексинин 75-беренесине ылайык катталган. Андан ары, иштин материалдары Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ