Жогорку Кеңеште вице-спикер Аида Касымалиеванын кызматтан кетиши үчүн депутаттардан кол топтолууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары журналисттерге билдиришти.
Касымалиеванын ордуна алар социалдык комитеттин башчысы Гүлкан Молдобекованын талапкерлигин көрсөтүүнү көздөп жатышат. Ал эми Молдобекованын ордуна Асел Кодуранованын талапкерлиги сунушталууда.
Вице-спикердин кызматтан кетишинин талабы – анын референдумду өткөрүүнү колдоодон баш тартышы дешет депутаттар.
“Ушул жумада, балким кийинки жумада КСДП фракциясы Касымалиеванын талапкерлигин вице-спикерликтен алып салуу үчүн чогулат”, – деди журналисттерге маек бергендердин бири.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ