Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында, КРнын Ысык-Көл облусу боюнча финансы полициясынын кызматкерлери 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жатканда, кылмыш үстүнөн “Т.А.” деген жаранды кармашты.
Маалыматка караганда, “Т.А.” деген жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, кызмат адамына ири өлчөмдөгү пара сунуш кылган.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренеси (пара берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ