17-декабрда Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында айлыктарын төлөөнү талап кылган жергиликтүү тургундар калаанын борбордук көчөлөрүнүн бирин буушту.
Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеотасмада адамдар шаардын борбордук бөлүгүндөгү Досназаров атындагы көчөнү бууп турушканын көрүүгө болот. Видеонун автору кадр сыртында «жолду жумушсуздукка жана айлыктарынын убагында берилбегенине нааразы болгон тургундар» тосушканын айткан.
Жергиликтүү makon.uz сайты жолду бууган тургундар менен Нукустун башчысы жана Каракалпакстандын ички иштер министри жолугуп, алардын нааразылыктарын укканын жазды.
Маалыматка караганда, акцияга пандемия маалында Нукуста убактылуу жумуштарда иштеп, айлыгын ала албай калган ишсиз жарандар чыккан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү нааразы болгон жарандардын айлыктарын төлөтүп бергенден кийин чогулгандар тарап кетишкени кабарланды.
https://www.ozodlik.org/a/31006154.html
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ