Menu

ИИМ: Мал уурулук менен алектенген 56 кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

Республиканын аймагында милиция кызматкерлери мал уурулук фактыларына бөгөт коюу, алдын алуу, бетин ачуу боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 11 ай ичинде ички иштер органдары 1096 фактыны териштирип, анын ичинен 698 кылмыштын бети ачылган, республикада ачылган иштердин пайызы 63,6% ды түзгөн.

Мал уурулук фактыларын иликтөөдө жана ачыкка чыгарууда, милиция кызматкерлери жоголгон мүлктөрүн ээлерине кайтарып берүүгө, келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

Жыл башынан бери кээ бир адамдардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында жарандарга келтирилген материалдык чыгым 71 миллион 210 миң сомду түзүп, анын 39 миллион 061 миң сому өндүрүлүп берилген.

Ошондой эле, 11 ай ичинде республиканын аймагында 3101 мал уурдалган, 1475 мал ээлерине кайтарылып берилген (1538 бодо мал уурдалган, 679 кайтарылган; 1279 майда мүйүздүү мал уурдалган, 542си кайтарылган, 698 жылкы уурдалган, 354 кайтарылып берилген).

Иликтөөнүн пайызын жана жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ИИМдин адистештирилген кызматтары тарабынан мал уурулукка байланыштуу атайын талдоо жүргүзүлөт.

Бул болсо төмөнкү маалыматтарды аныктоого мүмкүндүк берди: түнкүсүн дээрлик эки эсе көп кылмыш жасалган – 734, ал эми күндүз – 362 уурдалган болсо; 438 мал айыл чарба имараттарынан, 476 мал жайыт жерлеринен уурдалган.

Бул мезгил аралыгында өлкөдө мал уурулук менен алектенген 253 адам кармалган, анын 119у камакта жана 134нө карата бөгөт чарасы катары үй камагы тандалган.

Кармалгандардын жаш курактык топтору: жашы жете электер – 21; 18 жаштан 30 жашка чейин – 120, 30 жаштан 40 жашка чейин – 87, 40 жаштан жогору – 25. Буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон – 49.

Мындан тышкары, мал уурулук менен алектенген 137 адамдан турган 56 кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлуп, алар тараптан 146 кылмыш жасалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: