Menu

Чүй ОИИББы: Токмок шаарында өгөй атасы тарабынан зордукталды деген өспүрүм кыздын окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда

Бөлүшүү:

Токмок шаарында өгөй атасы тарабынан зордукталды деген өспүрүм кыздын окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5-декабрь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринде жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо Токмок шаарынын ИИБдүн ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке чыгышкан.

Териштирүү учурунда 2005-жылы туулган А.С. аттуу өспүрүм кыз 2018-жылдын август айларында өгөй атасы тарабынан зордукталганын айтып, апасы жана эжелеринин бири болуп, ич ара урушуп жатышкан. Белгилеп коючу жагдай, өспүрүм кыз, апасы жана жакын тууганы ички иштер органдарына арыз жазууга каршы болушуп, алар үй-бүлөнүн ичиндеги көйгөйдү ич ара чечип алууну айтышкан. Бирок, милиция кызматкерлери тарабынан бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ошол эле учурда өспүрүм кыз, апасы жана туугандарынын бири ички иштер органдарына жеткирилип, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн соң өспүрүм кыз, үйүнө апалары менен бирге кайтуудан баш тарткан.

Токмок шаарынын ИИБдүн жаш өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясы кызды атайын өспүрүмдөр жашоочу жайга жайгаштыруу боюнча Токмок шаардык социалдык өнүктүрүү кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Милиция кызматкерлери тарабынан кыздын апасы жана өгөй атасы суралып, алар зордуктоо фактысы болбогонун билдиришкен.

Бул окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу ыкчам тергөө иш амалдыр жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон баардык экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: