Menu

КРнын вице-премьер-министри Максат Мамытканов: Өкмөт таза жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө умтулууда

Бөлүшүү:

Өкмөт таза жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө ниеттенүүдө жана ал үчүн аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын күч-аракетин бириктирүүгө даяр. Бул туурасында КРнын вице-премьер-министри – Кыргыз Республикасынын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын төрагасы Максат Мамытканов Нарын облусундагы көчмө жыйында билдиргенин бүгүн, 18-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Ал белгилегендей, мыйзам бузуулар орун алган учурда катаал чаралар кабыл алынат.

«Укук коргоо органдары алдында так милдет – ар кандай мыйзам бузууларга ыкчам жооп кайтаруу милдети коюлган. Учурда республиканын ар бир жаранында уюлдук телефон бар, тартып, бизге жөнөткүлө, биз ыкчам чараларды кабыл алабыз. Добуштарды сатып алуу, административдик ресурс жана башка мыйзам бузууларга жол берилбеши керек», – деп кошумчалады Максат Мамытканов.

Ошондой эле ал белгилегендей, коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында бардык санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо, ошондой эле шайлоо участокторун Интернет жана байланыш, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо зарыл.

Андан соң, Нарын облусундагы шайлоо участокторунун даярдыгы тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо компанисынын – Республикалык штабдын теңтөрайымы Нуржан Шайлдабекова сунуштады.

Ал белгилегендей, ар бир район жана шаардагы шайлоо участокторунда мыйзам бузууларга жол бербөө максатында ыкчам жооп кайтаруучу координациялык топтор түзүлгөн.

Кеңешменин соңунда вице-премьер-министр Нарын облусундагы Өкмөтүүн ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаевге жана укук коргоо органдарына бир катар тапшырмаларды берди жана коюлган милдеттерди чечүүдө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: