Советтик жазуучу, “Ну, погоди!” анимациялык мультсериалынын жаратуучуларынын бири Александр Курляндский каза тапты. Бул тууралуу анын жакындары “Эхо Москва” радиосуна билдиришти.
Жазуучу 82 жаш курагында көз жумган. Анын өлүмүнүн себептери айтылган жок.
Курляндский “Ну, погоди!” анимациялык сериалынын сценаристтеринин бири болгон. Ошондой эле, ал “Баба-яга против!”, “Сезон охоты”, “Возвращение блудного попугая”, “Великолепный Гоша” и “Яблочный пирог” сыяктуу мультфильмдердин сценарийлеринин үстүнөн иштеген. Анын тамашалуу окуялары “Ералаш” программасында дагы тартылган. Ошондой эле жазуучу балдар үчүн китептерди жазган.
1988-жылы Курляндский СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 2007-жылы Россиянын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ