Menu

Азербайжандык банкирдин жубайы Лондондо сотто утулду

Бөлүшүү:

Азербайжандык мурдагы банкир Жахангир Гажиевдин жубайы Замира Гажиева Британиянын Жогорку сотунда утулуп калды. 21-декабрда сот Гажиеванын бул өлкөнүн Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча улуттук агенттигине каршы апелляциялык арызын четке какты.

Гажиева 2018-жылы байлыгынын булагын түшүндүрүп берүүгө милдеттендирилген. Тиешелүү мыйзам Британияда ошол жылы күчүнө кирген. Ал ага чейин Лондондогу кымбат райондо 15 миллион долларга турак жай, 13,5 миллион долларга гольф талаасын сатып алган. Мындан сырткары британ баш калаасындагы соода борборунда 21 миллион доллар акча короткону ачыкка чыккан.

Эми Замира Гажиева байлыгынын булагын түшүндүрө албаса, соттун чечимине ылайык Лондондогу кымбат баалуу мүлкүнөн кол жуушу мүмкүн. Бирок азербайжандык миллионердин адвокаты ишти кайрадан каратыш үчүн арыз жазарын билдиришүүдө.

Гажиеванын күйөөсү Жахангир Гажиев Азербайжандын Эл аралык банкынын төрагасы болгон. Ал 2016-жылы өз өлкөсүндө алдамчылык кылган жана мамлекеттик мүлктү өз кызыкчылыгына колдонгон деген жүйө менен 15 жылга кесилип, жазасын өтөп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: