Menu

Эл аралык издөөдө жүргөн “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

Эл аралык издөөдө жүргөн “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлерине Чүй облусунун тургуну 40-45 жаштагы “Мурат” аттуу адам “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун идеологиясын таратып жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Алынган маалымат КРнын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) боюнча КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында жаран Д.Р. “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экендиги аныкталып, диний экстремисттик уюмунун идеологиясын таратып жаткандыгы такталган.

Жаран Д.Р. ϴзбекистан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына келип, жасалма паспорт менен жашап жүргөн.

Ал Өзбекстан Республикасында 1995-жылы адам өлтүрүүгө шектелип эл аралык издөөдө жүргөн.

Кечээ, 23-декабрь күнү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун аймагынан 43 жаштагы Д.Р. кармашкан. Ал 2015-жылдан бери “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн бири катары эл аралык издөөдө жүргөн.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча кошумча тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: