Menu

Жалал-Абадда дүйнө кубогунан байгелүү келген спортчуну тосуп алышты

Бөлүшүү:

Бүгүн 24-декабрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен А.Харлампиевдин элесине арналган күжүрмөн самбо мелдешинде байгелүү орунду багындырган Бектур Идирисовду тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасында эмгектенет. Милициянын ага сержанты Бектур Идирисов 18-19-декабрь күндөрү Москва шаарында өткөрүлгөн дүйнөлүк кубокто коло медаль уткан.

Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Жусупов, «Шумкар» АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири, милициянын подполковниги Равшан Кожобеков, Жалал-Абад шаарындагы «Динамо» спорт клубунун башкы машыктыруучусу, эл аралык даражадагы спорттун чебери Нурбек Самидинов жана спортчунун жакын туугандары катышышып, анын ийгилиги менен куттукташкан.

Дүйнөлүк мелдешке катышуу жана байгелүү орундарды багындыруу сыймык экендигин белгилешип, Кыргызстандын желегин мындан ары да дүйнөлүк аренада желбиретип жүрүүсүн каалашкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: