Menu

Ормуков: Сот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу 25-декабрда чечим чыгарды. Мындай маалыматты RFE/RL радиосунун кыргыз кызматына активист Темирлан Ормуков билдирди.

«Сот чечим чыгарды, бүттү. Бүгүндөн баштап Текебаев депутат эмес», – деди ал.

Өмүрбек Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу чечимди саясий деп баалады.

Шаардык сот өзүнүн чечимине комментарий бере элек.

23-ноябрда Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде Боршайкомдун Текебаевге депутаттык макамды кайтаруу тууралуу быйылкы 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан. Сот буга «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзам бузулган деген жүйө келтирген.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп арыз жазган.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «Мегаком» иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап келатат.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду эки жакка чыкпоо тууралуу тилкат алып камактан чыгарган. Иш ушул тапта кайра каралып жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: