Райымбек Матраимовдун конфискацияланган батирлери сатылып, бюджетке каражат түшүшү керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева өзүнүн Twitter баракчасында жазып чыкты.
Анын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соттун чечими менен гана баланстагы батирлерди кабыл алат. Аларды аукцион аркылуу сатып, республикалык бюджетке каражат жөнөтүү керек.
«Башка мыйзамдуу варианттар жок. Жана мен вице-премьер-министр катары башка токтомго кол коё албайм», – деди Элвира Сурабалдиева.
Эске салсак, кечээ, 24-декабрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов келтирилген чыгымды төлөө үчүн накталай акчадан тышкары мамлекетке тогуз батирди жана бир соода борборун өткөрүп бергенин айткан. Ошондой эле, Ташиев батирлер УКМКнын кызматкерлерине берилет деп билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ