Menu

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жаңы жыл майрамы астында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген пенсионерди жана баланы куттуктады

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген пенсионер Ольга Коркинанын жана 6 жашар Мирландын абалынан кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет

Вице-премьер-министр КРнын Өкмөтүнүн атынан аларды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, материалдык жардам берди.

«Социалдык аяр катмардагы жарандар мамлекеттин, социалдык жана медициналык кызматтардын өзгөчө көңүл буруусуна муктаж. Өкмөт өз кезегинде медициналык жана социалдык тейлөө сапатын жакшыртуу, тоскоолдуксуз чөйрө үчүн шарттарды түзүү үчүн күч-аракетин жумшайт», – деди Эльвира Сурабалдиева жана аларга чың ден-соолук жана бакубаттуулукту каалады.

Вице-премьер-министр мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарын жаңы жыл майрамы алдында аяр катмардагы жарандарга көңүл буруп, алардын абалынан кабар алууга чакырды.

Соңунда аталган жарандардын тийиштүү жардам алуусуна көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: