Бүгүн, 28-декабрда Карылар үйүнүн кызматкерлери Өкмөт үйүнө митингге чыгышты. Алардын айтымында, 24 кызматкер бир жыл мурун аталган кызматка дайындалган социалдык мекеменин башчысы Адылбек Козубаев тарабынан кызматтан алынган.
Митингчилердин айтымында, директор өзүнүн командасы, анын ичинде депутат Элнура Ноорузбаева жана башкы эсепчи менен биргеликте кызматкерлерди куугунтуктап, андан кийин аларды мыйзамсыз жумуштан бошоткон деп эсептешет.
Мындан тышкары, алар төшөктө жаткан кары-картаңдардын пенсиясын өз кызыкчылыгына пайдаланган делген директордун башка мыйзамсыз аракеттери жөнүндө сөз кылышууда.
Учурда нааразы болгондорго өкмөттүн өкүлү чыкты, бирок алар вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиеванын аларга келүүсүн талап кылышты. Андан кийин вице-премьер-министр менен сүйлөшүүгө бир нече өкүлдөр чакырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ