Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жолдошу менен түтүн булатып келе жатканына 15 жыл болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирип, үйлөнүү-үлпөт тойдогу сүрөттөрүн дагы жүктөгөн.
Аида Касымалиева сүрөттөрдүн астына мындай деп билдирүү жазган:
“Баардыгы үчүн, айрыкча эртең мененки кофеңиз үчүн рахмат. Башка эч ким андай кофе жасабайт“.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиеваны вице-спикерлик кызматтан алуу үчүн кол топтой баштаган. Бул боюнча Касымалиева комментарий берип, анда ал мындай деген: “Эгер алар мага келип, ушул вице-спикерлик кызматты каалайбыз деп түздөн-түз айтышса, мен аны бошотмокмун“.
Белгилей кетсек, буга чейин Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев дагы жубайы менен түтүн булатканына быйыл 15 жыл болду деп, жаш кездеги сүрөттөрүн жүктөгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ