Menu

Айгүл Асанбаева, Садыр Жапаровдун жубайы: «Камачу атасын камагандан кийин балдарына эмнеге асылышат?»

Бөлүшүү:

 

— Айгүл эже, сиз дагы жолдошуңуз Садыр мырза менен Москвадан чогуу келдиңизби?

— Жок, мен эки күн мурун келген болчумун. Садыр келем деп элге жарыялап койгондон кийин сөзсүз келет деген ишеничте үйдү даярдап, атабызды күтүп алабыз деген ишеничте болгонбуз.

— Ага чейин аны менен чогуу болгонсуз да?

— Ооба, жанында болгом.

— Москвада жашадыңыздарбы?

— Польшада бир жыл болдук. Кипрда жашадык. Акыркы күндөрү Садыр өзү Москвада болду. Мен келип-кетип аттым. Балдарым Кыргызстанда эле жашады. Ушул жерде окушчу.

— Атасын тосуп алганы балдары да чек арага барыштыбы?

— Чек арага баарыбыз бардык. Балдарым да барышкан. Атасы келип жатса кайсыл бала тосуп албайт? Ур-токмокко алып кармалган Рустам, Ринат да “атабызды тосуп алабыз” деп барган. Күч органдары коркунучтуу кылмышкерди чек арадан кармаганга даярданышкандай эле даярданышыптыр. Ошол жерден эле Садырды кармап кетишпедиби. Ушунун өзү туура эмес да. Садырды чек арадан өткөрүп жиберип, мыйзамдын чегинде чакырса бармак. Садыр эч жакка качмак эмес. Ал чындык деп өз мекенине келе жаткан.

— Садыр мырза келсе камалат деген сөздөр айтылып жатпады беле. Жолдошуңуз деле келсе камап коёрун билсе керек?

— Садыр жаңыдан гана саясатка аралашып жаткан жери жок. Ал бышкан саясатчы. Камап коёрун да билген. Бирок, балдарымы, бир туугандарымы камап, мыйзамсыз иштерди жасайт деп ойлогон эмес болсо керек. Биздин үй-бүлөгө террорчулардай мамиле жасап жатканына эл өзү күбө болуп жатат. Ур-токмокко алынган балам болгону 20 жашта. Кайсыл гана бала болбосун атасын мыйзамсыз камап жатса атасына жардам берүүгө чуркайт да. Бийликте олтургандардын баласы андай кадамга барбайбы? Биз дагы УКМКнын алдында өтүп жаткан тынч митингге барып, чогулган элдин алдына жогор жактагылардан бирөөсү чыгып, бир нерсе деп айтабы деп күтүп олтурсак, өздөрү тараптан провокация жасап жиберишти. Муну видео тасмалардан деле көрсө болот. Укук коргоо кызматкерлери карапайым калкка аябай агресивдүү мамиле жасады. Алардын бул кылганын “Менин колумда бийлик бар, баарын жасайм” деген мамиле деп түшүнсө болот.

— Айрым маалымат каражаттары “Садыр Жапаровдун митингине келгендерге акча таратылды” деген маалыматты таратышты. Элди акча менен чыгарууга даярдык көргөнсүздөрбү?

— Бийликчил маалымат каражаттарынан, ошол эле КТРден Садырды болушунча каралоо жүрүп жатат. Алардын мындай маалыматына эл деле көнүп калды. Эч ким ага ишенбейт. Бул ыкма өздөрү үчүн жаман болушу мүмкүн. Азыр булар өзүнүн элине каршы туруп жатат. Биз бир да тыйын таратканыбыз жок. Эгер биз акча тараткан болсок “Мен мынча акча алдым” деп айткан кишини бийлик таба албай калат дейсизби? Ошол адамды КТРден кечке сүйлөтпөйт беле. Элдин арасына кирип алып “Силер тыйын алдыңарбы?” деп сурап атышты. Бирөө да тыйын үчүн митингге чыктык деп айтпады. Көрүп аттыңар, жалаң мекенчил, өз эли үчүн күйүп-бышкан, Садырга ишенген жаш балдар жүрүштү. Карапайым калк Садырга жолуксак, ал эмнени айтат экен, анын сөзүн уксак деп чогулду. Бир да саясатчы келген жок.

— Садыр мырзаны колдоп чет жакта иштеп жүргөн мекендештерибиз да келдиби?

— Ал жактан келгендер көп болду. Мигранттарыбыз ал жакта жыргаганынан жүргөн жок. Үй-бүлөмдү, бала-чакамды баксам деп жүрүшөт. Аларды дагы Садыр акча төлөп алып келген жок. Колунан келгендери өздөрү учуп келишти. Көптөрү “Садыр байке, биз сизди колдойбуз! Биз сиз мененбиз!” деп бул жакка келе албаса да, ошол жакта тилектеш экенин билдиришти.

— Митинг учурунда эки уулуңуздун көк-ала болуп сабалып, кармалганы интернетке чыкты. Оор абалда экени айтылып жатты. Сиз энеси катары кире алдыңызбы?

— Эки баламды көргөнгө мен да такыр кире албай койдум. Мен дагы интернеттеги видеодон гана көрүп жаттым. Ренат баламдын сабалып, алсыз, аптыгып ыйлап жатканын видеодон көрүп, жүрөгүм жанчылып ыйладым. Ренат 10 жашында бир күндө ата-энесинен ажыраганда ушунтип аптыгып, бугу көкүрөгүнө толуп ыйлаганы көзүмө келе түштү. Ренат Садырдын бир тууганынын баласы. Ринаттын ата-энеси автокырсыкка учурап, каза болушкан. Мына ушундай чоң жоготууну, чоң трагедияны наристе жүрөгү менен баштан кечирген бала. “Бир тууганымдан калган жалгыз туяк”- деп Садыр Ринатты өзүбүзгө алып багып алганбыз. Атасы жогун билип, Садырды аталап, ага өзгөчө жакын. Ренат үчүн Садыр идеал. Сыймыктанат. “Атам келсе тосуп алабыз”-деп аябай кубанып жүргөн. Менин көзүмчө эки тез жардам машинасы кирип чыкты. Шаардык төртүнчү ооруканага алып барып, териси кичине сыйрылып калыптыр деген корутунду чыгарып, бизге көрсөтүп койду. Ринатты 5 суткага камап жиберишти. Рустам деген уулумду табарсыкка катуу тебишиптир. Ал мурун “Варикоцеле” менен операция болгон. Аны да кармаган күнү УЗИге салган жок. Рустамды 2 айга камады. Камачу атасын камагандан кийин балдарына эмнеге асылышат? Булар кимдер күйүп-бышып аткан болсо, ошолорду терип кармашты. Жүздөн ашык адамды кармаган болсо, алардын бирөөсүнүн да күнөөсү жок. Алар мыйзам да бузган жок. Балдарым менен кошо кармалгандардын баары чыгышы керек.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: