Menu

Видео — Instagram жылдызы Джанлука Ваккинин бардык мүлктөрү карыздары үчүн арест кылынды

Бөлүшүү:

Бүгүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн авиациялык-транспорттук эскадрильясынын аймагында эки аскердик АН-26 учагын кабыл алуу салтанаты болуп өттү.

Ага Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев жана Орусия Федерациясынын коргоо министринин орун басары – генерал-лейтенант Александр Фомин катышты.

Авиациялык техника кыргыз тарапка эки мамлекеттин башчыларынын макулдашуусунун негизинде берилди.

“Ан-26 Аскердик-транспорттук самолеттору машыгууларды жана атайын операцияларды өткөрүүдө жүктөрдү жана өздүк курамды ташууга, атайын багыттагы бөлүкчөлөрдү десанттык түшүрүүлөргө, аба чалгындоосун жүргүзүүгө байланышкан тапшырмаларды аткарууда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн арттырат” деп айтылат Башкы штаб тараткан билдирүүдө.

Орусия Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө көмөк көрсөтүү жаатында мындан төрт жыл мурун 1 миллиард долларга бааланган аскерий техника берүүнү убада кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: