“Сапар Жумакадырович, 5 жылдан бери чакан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра албай жатып, анын күнөөкөрлөрүн таппай жатып, эми мындай олуттуу “Таза коом” долбоорун кантип ишке ашырабыз? “Таза коом” долобоорун кунт коюп окуп чыктым, кыял катары жакшы, бирок, реалдуу документ катары финансылык негизи жок. Кадрдык негизи жок. Техникалык негизи жок”, – деп билдирди парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин жума күнү, 25-августта өткөн кезексиз сессиясында.
“Россиянын реформатору, экономисти Герман Греф айтып жатат:”Россия индустриалдык коомдон интернет коомго көтөрүлүп, жетиш үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги 1 миллион IT адис керек” деп жатат. А биздин андай бир да адисибиз жок да. Ошон үчүн өзүбүздү-өзүбүз алдабайлы да”, – деди депутат Каныбек Иманалиев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ