Menu

Фото — Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн башкы командачысы  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу  иш чарага катышты.

Президент Ооган согушунун ардагерлеринин  аскердик милдетин аткаруудагы эрдигине таазим этип, алардын эрдиги Мекенди коргоонун бийик үлгүсү болуп кала берерин билдирди.

Ошондой эле Ооган согушунан  кайтпай калгандардын, мекенине келгенден кийин курман болгондорду эскерип, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Алардын жаркын элесин эскерүү үчүн бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков афганчы-жоокерлердин тажырыйбасы азыр дагы Куралдуу Күчтөргө, укук коргоо органдарына, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ишине керектигин баса белгиледи.

Салтанаттуу жыйында Афганистандагы согуштун ардагерлеринин республика боюнча кеңешинин жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жана Афганистандагы согуштун ардагерлеринин кыргыз коомдук кыймылынын төрагасы Абдыгул Чотбаев чыгып сүйлөштү.

Ооган согушунун ардагерлерине  сыйлык тапшырылып, салтанаттуу жыйын концерт менен жыйынтыкталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: