Menu

Видео – Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Камиль Фырат Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын “Тынчтык булагы” операциясы тууралуу кенен айтып берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-октябрда Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын «Тынчтык булагы” аскердик операциясы тууралуу ММКнын өкүлдөрүнө котормочусу аркылуу кенен маалымат берди. Маалымат жыйыны Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында өттү.

Элчи Камиль Фырат алгач кечээ, 22-октябрда Сочи шаарындагы Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушуп, өз ара түшүнүшүү тууралуу 10 пункттан турган меморандумга кол коюшканын айтты. Ошол 10 пункттан турган бул документте эмнелер камтылганын учкай кеп кылды.

Анын айтымында, документте сириялык күрт кошуундары 150 сааттын ичинде Сириянын Түркия менен чектешкен аймактан толугу менен чыгып кетиши керектиги, бул мөөнөт бүгүн, 23-октябрда түшкү саат 12де башталаары, ушул убакыттан тартып Анкаранын “Тынчтык булагы” аскердик операциясы Орусиянын аскердик полициясы жана Сириянын чек арачылары аймактарга киргизилээри, ал 6 күн, алты саатка созула тургандыгы, бул убакытта ок атылбашы керектиги жазылган. Ушунун баары аткарылгандан кийин, Түркия менен Орусия аймактагы коопсуз тилкени биргелешип күзөтүшөт.

Ошондой эле элчи бүгүнкү күндө батыш ММКлары Түркия мамлекетин каралап жазып жаткандарын жана журналисттер башка мамлекетте эчак болгон согуштагы сүрөттөрдү коюп жаткандарына нааразы болду. “Сөзүм куру болбосун»,- деп кайсы мамлекетте, канчанчы жылы болгондогу видеотасма аркылуу даталарын көрсөтүп, салыштырып көрсөттү. “Биздин каалаганыбыз тынчтык, ал эми максатыбыз Сириядагы согуштан качып келген боордошторду камсыз кылып, алардын өз каалоосу менен кайра аларды өз жерине алып баруу”,-деди К.Фырат.

Эске сала кетсек, Сириянын түндүк-чыгышындагы күрт кошуундарына каршы Түркия “Тынчтык булагы” аскердик операциясын 9-октябрда баштаган. Бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилкесин түзүп, ага өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөөрүн билдирген. Ага АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын мындай аракетин айыптап, сындашкан. Ал эми Түркиянын президенти Реджеп Эрдоган Сириянын түндүгүндөг түрк аскерлеринин операциясына сөз тийгизген Евробиримдиги менен араб өлкөлөрүн сындаган. Ошондой эле ал телекайрылуу жасап, “эгерде Евробиримдик түрк операциясын мыйзамсыз кол салуу” деп эсептесе, анда Түркия ЕБ тараптагы чегараны ачып, Европага 3 миллион качкынды коё берип жиберерин айтып коркуткан.

17-октябрда Вашингтондун ортого түшүүсү менен Түркия мамлекети Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын беш күнгө токтото турууга макулдугун берген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: