Menu

Венгрия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө гуманитардык жардам көрсөттү

Бөлүшүү:
Кечээ, 15-июлда кечинде КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Венгриянын тышкы иштер жана соода министри П.Сийярто менен жолугушуусу болду. П.Сийярто коронавирус менен күрөшүүдө венгер тарабынан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында Бишкекке жумушчу сапары менен келди. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.
Министрлердин жолугушуусу учурунда гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Венгриянын Өкмөтүнө кыргыз тарабынын ыраазычылыгы билдирилди.
Буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери, ошондой эле 2020-жылы КР Президенти С.Жээнбековдун Венгрияга сапарын уюштуруу жолу менен кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери талкууланды.
Тараптар түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинде (Түрк кеңеши) кызматташуунун алкагында мамилелердин өнүгүүсүнүн позитивдүү динамикасын белгилешти, атап айтканда, 2018-жылы Венгриянын Түрк кеңешинде байкоочу статусун алышы, 2019-жылы Будапешт шаарында Түрк кеңешинин өкүлчүлүгүнүн ачылышы жана бул өкүлчүлүктү кармоо боюнча венгер тарабынын каржылоого даярдыгы белгиленди.
Венгриянын ТИМ башчысы венгер тарабынын жакынкы аралыкта Венгриянын КРдагы толук кандуу Элчисин дайындоо ниетин айтты. Венгриянын КРдагы Элчилигинин Европа Биримдигинин кээ бир өлкөлөрү үчүн алардын өтүнүчү менен виза маселелерин кароого даярдыгы билдирилди.
Ошондой эле венгер тарабы Австрияда жашаган КР жарандары берип жиберген жардамды дагы алып келди.
Венгриянын тышкы иштер жана соода министри П.Сийяртонун сапарынын жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн Дипломатиялык академияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: