Menu

Видео – Бакыт Төрөбаев, ЖКнын депутаты: “Мирлан Бакировду мен өстүрүп, аны чоң мекемеге директор кылгам”

Бөлүшүү:

“Чындыгында, Мирлан Бакировду мен өстүрдүм. Мен өндүрүштө жүргөндө, ал Казакстан, Росиядан келген вагондорду (вагондордо буудай эле) “растаможка” кылып иштеп жүрчү. Аны мен өстүрүп, чоң мекемеге директор кылгам”, – деп билдирди 23-декабрда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев “Супер ТВ” каналынын “Саясый коктейль” берүүсүнө маек берип жатып.

Бакыт Төрөбаев иштеп тапкан акчасынын баарын бир гана өндүрүшкө жумшаганын белгиледи.

“Мен депутат болгонго чейин менин кол алдымда 600 адам иштечү. Бир жылда 150-200 миллион сомго жакын мамлкетке салык төлөчүк. Мен кеткенден кийин Мирлан Бакиров ошол чоң мекеменин директору болуп дайындалган. Кийин 2010-жылы мен ага сунуш берип, Базар-Коргон районунан депутат болуп шайлануусуна жардам берип, добуш алган. Кийин анын талапкерлигин комитеттин төрагалыгына сунуштаганбыз, кийин вице-спикерликке сунуштаганбыз. Ошентип, биз аны өстүрүп келдик. Анан Мирлан Бакиров президент “Мекеним Кыргызстанга” төрага бол деп сунуш бергенин айтканда, мен “мен сенин колу-бутуңду кармабайм, барсаң бара бер” деп айткам”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: