Россия Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр январь айында боло турган кезексиз президенттик шайлоого чейин, октябрь айындагы окуялардан тийиштүү жыйынтык чыгарып, өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликтүү мамиле жасайт деп күтүүдө. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ТАСС басылмасына берген маегинде билдирди.
“2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо, жазында кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Кыргыз досторубуз октябрь окуяларынан тийиштүү тыянактарды чыгарышкандыгына жана бардык саясий күчтөр өз республикасынын тагдыры үчүн жоопкерчиликти көрсөтөрүнө ишенебиз”, – деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-октябрда өткөн ЖКга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча парламентке кирбей калган партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда башаламандыктар башталган. БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Төрага Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов жана президент Сооронбай Жээнбеков кызматтарынан кетишкен. Садыр Жапаров премьер-министр жана президенттин м.а. болуп дайындалган. Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ