Menu

Кой-Таш окуясы: Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот ишин кароо уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө адвокат Равшан Жэнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн кайрадан келтирди. Жактоочу айыпталуучу президенттикке талапкер экендигин жана үй камагы анын үгүт иштерин активдүү жүргүзүүсүнө тоскоол болуп жаткандыгын белгиледи.

Мындан тышкары, адвокат Равшан Жээнбеков шайлоо алдындагы жарышка катышуусу керектигин белгилеп, сот жараянына келе албай тургандыгын белгиледи.

Жыйынтыгында судья үй камагындагы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жана шайлоо өнөктүгү учурунда соттук отурумдарга келбей коюу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-октябрь күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча айыпталуучу катары өтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: