Menu

Садыр Жапаров: “Алмаз Атамбаев «Курманбек Салиевич, Сиз асыл адам экенсиз, мен сизди билбей жүрүптүрмүн. Бардык кылганым үчүн кечирим сурайм» деп айтып жатпайбы”

Бөлүшүү:
Саясий шоулардын очогу дымып, Курманбек Бакиев президент болуп шайланып, 14-август күнү ант берүү аземи болуп өттү. Саясий оюндун картасына ылайык, премьер-министр болуп, Феликс Кулов бекиди. Ыңкылаптын ылаңы сууп, жашоо өз нугуна түштү.
2006- жылдын күз айлары. Ө.Текебаев, А.Атамбаевдер башында турган оппозиция мүчөлөрү, «конституциялык реформа жаса» деп К.Бакиевке каршы «Ала-Тоо» аянтына элди топтоп, 8 күн бою митинг өткөрүштү. Чындыгында, элүү миңге жакын эл, сегиз күн бою, “конституциялык реформа болсун” деп чын жүрөктөрүнөн күнү-түнү дебей, тикесинен тик турушту. Оппозиция жаңы Баш мыйзамдын долбоорун даярдашты. Парламентте оппозициянын даярдаган Баш мыйзамынын долбоорун кабыл алууга төрт добуш жетпей турган эле. Мен болсо, “мындай саясий сасык оюндарыңарга катышпайм” деп, кабинетимден чыкпай олтуруп алдым. Эшикте турган эл, Түптөн шайланып келген депутат деп түптүк жердештерим, акын, сатирик Жолоочу Рыспаев, Дамир Сулайманов, Адылхан Бекболотов, Медет Омошевич Букуев жана башка жердештеримди элдин алдына чыгып, “оппозицияга кошулдум” деп жарыяласын деп, кабинетиме жиберишиптир. Менде болсо, А.Атамбаев оппозицияны сатып, премьер-министр боло турганы тууралуу толук маалымат бар эле. Анын планы боюнча, «Кулов элге чыгып кошулуп кетсе, Бакиевди алып түшөбүз. Эгер элге кошулбай койсо, премьер-министрликти алып кете берейин» деген планы болгон. Премьер-министрлик кызматты К.Бакиев менен алдын ала макулдашып коюп, Ф.Куловдун гана кадамдарын күтүп турган. Жердештериме, – Байкелер, мени кыйнабагыла, силер жөн эле сасык саясатчылардын куралы болуп жатасыңар. Эки күндөн кийин Алмаз Атамбаев премьер-министрлик кызматка барат. Баарыңарды сатат, менде толук маалымат бар. Силерге билгизбей, премьерлик кызматты соодалашып жатат, – десем, мени жаман көрүшүп, – Андай болушу мүмкүн эмес, сен эл алдына чыгып, элге кошулдум деп жарыялап кой, – деп кыйнап, түнкү саат 12 ге чейин иш бөлмөмдө олтурушту. Макул болбодум. Жердештерим мага таарынып кетишти.
Кийин мен айткандай болуп, А.Атамбаев премьер-министр болду. Жолоочу Рыспаев агам: – Сен көзү ачыктай эле айткан экенсиң, баарыбызды “көпүрө боло калайын” деген шылтоо менен сатып кетти, – деп аябай арман кылды. Ошентип, Атамбаев премьер-министр болуп сегиз ай иштеп, бирок колунан жыргаган иш келбеди. Акыры Бакиев «Данакер» орденин берип, алдап- соолап кутулду. Ошол орденди алып жатканда көзүн жашылдантып, «Курманбек Салиевич, Сиз асыл адам экенсиз, мен сизди билбей жүрүптүрмүн. Далай нервиңизге тийиптирмин. Бардык кылганым үчүн кечирим сурайм» деп айтып жатпайбы…
Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан он жыл”
(Документалдуу баян) китебинен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: