Menu

Видео – Апрель баатыры Жоки Сыргаков Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеевди $10 млн жыйнап алды деп айыптады

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-январда Апрель баатыры Жоки Сыргаков видеокайрылуу жасап, Финполдун жаңы төрагасы Сыймык Жапыкеев “Кыргыз темир жолу” ишканасын жаңы жыл алдында текшерип, ага чейин коррупцияга айыпталып жаткан ишкананын жетекчиси Дашковду сүттөн ак кылып актап, ишти жаап салганын айтып чыкты.

Сыргаковдун айтымында буга чейин Дашковго кылмыш иши козголуп, финпол аны поезддердин вагондорун металлаломго сатып, 1,5 млрд сом мамлекетке зыян келтиргенин расмий билдирген.

Ошондой эле Апрель баатыры Жоки Сыргаков финполдун жаңы төрагасы Сыймык Жапыкеев иштей баштаган аз эле убакытта $10 млн жыйнап алды деп айыптады.

Ал эми Сыймык Жапыкеев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында бүгүн кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жатканын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: